Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарында муунтуп өлтүрүлгөн Кыргыз жаранынын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу расмий билдирүү таратты.
Алдын ала алынган маалымат боюнча өлтүрүлгөн Б.У. аттуу жаран 1972-жылы туулган. Ал такси кызматында иштеп жүргөн.
Элчиликтен билдиришкендей, издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан бул кылмышка шектүү адам аныкталып, кармалган.
Бул факты боюнча Москва шаарынын Кунцево райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө экени кошумчаланды.
Эскерте кетсек, буга чейин Москва шаары боюнча тергөө комитетинин сайтына таксист болуп иштеген Кыргыз жаранынын муунтуп өлтүрүлгөнү боюнча маалымат жарыяланган. Анда орусиялык ЖМКлар маркум Кыргызстандын жараны экенин жазышкан болчу.