Орусияда кыргызстандык таксист муунтуп өлтүрүлгөнү айтылды

Орусиянын Москва шаарында таксист болуп иштеген Кыргыз жараны муунтуп өлтүрүлдү. Бул тууралуу маалымат Москва шаары боюнча тергөө комитетинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

"Тергөөнүн маалыматына ылайык, Москва шаарынын Ельнинская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда такси унаасынын ичинен 1972-жылы туулган айдоочунун сөөгү табылган. Ал муунтуп өлтүрүлгөн.

Таксинин айдоочусун өлтүрүүгө шектелген жаран Москванын батышында кармалган. Анын жанынан өлтүрүлгөн жарандын банктык картасы табылган”, - деп айтылат маалыматта.

Орусиялык ЖМКлар маркум Кыргызстандын жараны экенин жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан