Жеңилүүгө шарттар күнөөлүүбү? Аргентинанын футболчулары Катарда кандай шартта жашап жатат (фото)

Бүгүн, 22-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын 1-турунун алкагында Аргентина курама командасы Сауд Арабиянын курама командасы менен беттешкен. Оюн 2:1 эсебинде сауд арабиялыктардын сенсациялуу жеңиши менен аяктады. Аргентиналыктардын жалгыз голун Месси киргизди.

Лионель Месси жетектеген Аргентина курамасы Дүйнө чемпиондугу башталар алдында люкс мейманканада жашоодон баш тартышкан.

Тагыраагы, аргентиналыктар Катар университетинин студенттеринин жатаканасында жашоого макул болушкан. Ошондой эле бул улуттук курама команда Аргентинадан атайын өздөрүнө ашпозчу ала келишкен.

Аргентина 1990-жылдан бери Дүйнө чемпиондугун жеңилүү менен баштай элек болчу. 1990-жылы алар Камерунга 0:1 эсебинде утулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан