Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай Абдурахманов дүйнө салды. Буга байланыштуу муфтий Замир Ракиев көңүл айтканын маалымат кызматынан билдиришти.
“Бул кабарды терең кайгыруу менен угуп, кабыргам кайышып турат. Чындыгында Кимсанбай ажы эгемендүү өлкөнүн алгачкы муфтийи жана динибиздин бүгүнкү күнгө жетүүсүнө салымы эбегейсиз. Үй-бүлөсүнө жана туугандарына күч-кубат берсин! Кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз”, - деген муфтий.
Кимсанбай Абдурахманов 1940-жылдын 10-июлунда Өзбекстандын Фергана облусундагы (Баткен шаарынан 15 чакырым алыстагы) Жанабад айылында жергиликтүү кыргыз үй-бүлөдө туулган.
Ал 1957-жылы орто мектепти аяктап, 1959-жылы Өзбекстандын Бухара шаарындагы "Мир-и Араб" ислам медресесине окууга кирген.
Кимсанбай Абдурахманов 1990-жылдын сентябрында Бишкек шаарында Кыргызстандагы тунгуч ислам медресесин ачкан. Ушул жылы Кимсанбай ажынын демилгеси менен Кыргызстандын облустарында да ислам медреселери ачылып, иштей баштаган.
1991-жылы ал жетектеген 450 киши биринчи жолу Кыргызстандан Сауд Арабияга ажылыкка барган.
Ошондой эле бир нече медресе, мечиттерди ачууга салым кошкон. Анын аракеттери менен 1990-жылга чейинки Кыргызстандагы 36 мечиттин саны үч миңден ашкан.
1992-1996-жылдары, 2000-2002-жылдары муфтий кызматын аркалаган.