Баткен шаарына биринчи жолу 6 автобус алынды

Баткен шаарына калкты тейлөө үчүн 6 автобус алып келинди. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

"Шаарыбызда жакшы саамалык болду. Баткен шаарынын тарыхында биринчи жолу 6 автобус шаарыбызга келди", - деп жазган облус башчысы.

Маалымдалгандай, бул автобустар 6 жылдык мөөнөттө лизинг аркылуу алынды.

"Ал эми келген автобустарды туура иштетсек, өзүнөн түшкөн акчанын эсебинен 6 жылда өзүн-өзү каржылоого болот. Мындан сырткары баарыңыздарга маалым болгондой, Дүйнөлүк банк тарабынан да Баткен облусуна 50 миллион доллар каражаты бөлүнгөн", - деди Алимбаев.

Ошондой эле ал Баткен шаарындагы “Манас” комплекси жана шаардагы эс алуучу эки парк да оңдолорун белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан