Баткенде жол кырсыгынан 8 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, окуя кечээ, 22-ноябрь күнү болжол менен саат 19:30 чамасында болгон. Кырсык Ош-Раззаков унаа жолунун Кадамжай районунун аймагында орун алган.
Анда Mercedes-Benz Sprinter менен Opel Vectra унаалары кагылышып кеткен. Анын кесепетинен 8 адам каза болуп, 1 адам ооруканага жеткирилген.
Учурда каза болгондордун аты-жөнүн аныктоо иштери жүрүп жатат.