Бүгүн, 23-ноябрда сот журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Өзүн сот залынан кармап кетишти. Андагы видеолор социалдык тармактарга жүктөлдү.
Белгилүү болгондой, 27-октябрда Башкы прокуратура Болот Темировго карата райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.
Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан ага карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу ал акталган.
Ал эми "документ жасалмалоо" деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.
Эскерте кетсек, Болот Темировго карата Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо", 378-берене "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү», 379-берене «Документтерди жасалмалоо" боюнча иш козголгон.