Ош шаарында бир тууганы менен чогуу аялын жана аялынын байкесин сабаган 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 9-ноябрь күнү милицияга Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсүндө белгисиз тараптар мушташып жаткандыгы боюнча кабар келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу бул факты боюнча Ош шаарынын 1994-жылы туулган тургуну Т. Ж. жана анын бир тууганы 1995-жылы туулган Т. И. аттуу жарандарды кармашып, тергөө башталган.
"Шектүү катары кармалгандардын бири 1994-жылы туулган Т.Ж. өз үйүндө аялына кол көтөрүп, ызы-чуу чыгарган. Аялы өзүнүн бир тууган агасын, 1993-жылы туулган агасын жардамга чакырган. Бирок, шектүү Т.Ж. аялынын агасын, анын аялын жана өз карындашына бир тууган иниси менен бирге кол көтөрүшүп, денелерине залал келтирген.
Алгач бул факты боюнча ээнбаштык беренеси менен иш козголгон. Бирок кечээ 22-ноябрда чыккан соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен шектүүнүн кайын агасы М. уулу Б.нын алган жаракаты оор деп табылып, ээнбаштык беренеси (280-б) денеге оор залал келтирүү беренесине (130-беренеси) өзгөртүлгөн", - деп жазылат билдирүүдө.
Бүгүн, 23-ноябрда денеге оор залал келтирүү боюнча шектүү катары бир туугандар Ош шаарынын 1994-жылы туулган тургуну Т. Ж. жана анын бир тууганы 1995-жылы туулган Т. И. кармалып, Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүү катары киргизилди.