Бүгүн, 26-ноябрь эки күнгө созулган биринчи Элдик курултай соңуна чыгып, делегаттар резолюция кабыл алды.
Анда президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын жана министрлер кабинетинин төрагасынын баяндамалары жактырылып, бийлик органдарына бир катар сунуштамалар берилди.
- 2023-жылдын майына чейин Элдик курултайдын ишин жол-жоболоштурган мыйзамды кабыл алып берүү;
- мыйзам долбоорлорун кабыл алууда улуттук иденттүүлүктүн талаптарына туура келген, коомдун кызыкчылыгы жогору экендигин тастыктаган, адептик ченемдерди, каада-салттарды, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, өлкөдө жашаган башка этностордун маданий дөөлөттөрүн жана баалуулуктарын чагылдырган иш тажрыйбаны бекем сактоо.
- чек ара боюнча тез арада делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүү;
- иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү;
- делегаттар сунуштаган социалдык объектилердин курулуш иштерин баштоо;
- тоо-кен иштерин ачык-айкын жүргүзүүгө өбөлгө түзүү жана өнөр жайга инвестиция тартуу;
- административдик-аймактык бирдиктерди оптималдаштыруу, башкаруунун жаңы ыкмаларын киргизүү жана аймактардын комплекстүү өнүгүүсүн кеңейтүү иш-чараларын иштеп чыгуу;
- жогорку кесипкөй педагогдорду даярдоо үчүн шарттарды түзүү механизмдерин өркүндөтүү;
- жаштарды мекенчилдикке, Ата журтун сүйүүгө, ар-намыстуулукка, ыймандуулукка, улуттук наркты терең үйрөнүп билүүгө жана аны сактоого тарбиялоо, жол көрсөтүү багытында илимий негиздерге таянып, ар тараптуу иштелип чыккан программаны кабыл алуу;
- 2040-жылга чейинки демографиялык саясат концепциясын иштеп чыгуу;
- электр энергиянын ички керектелиши жылдан жылга өсүп жаткандыктан энергия иштеп чыгуучу кубаттуулуктарды куруу. Жаңы альтернативдик энергия булактарын пайдалануу;
- Кытай тарап менен биргеликте экспортту өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу;
- Кыргызстандын жарандарын тиешелүү жер тилкелери менен камсыз кылуу үчүн атайын комплекстүү иштерди жүргүзүү.
Жогорку Сотко жана башкы прокуратурага:
- Кыргыз жарандарынын кайрылууларын, даттанууларын дыкат карап, адилеттүү жана калыс жыйынтыктарды чыгаруу;
- шектүү катары кармалган жарандардын иштерин узакка созбой, кыска мөөнөттө карап чыгуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу.
- Мамлекеттин бийлик бутактары мындан ары өзгөчө Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдөөгө, билим берүү жана маданиятты өнүктүрүүгө, мамлекеттик түзүлүш системасын жакшыртууга, адам укугуна артыкчылык берүүгө багытталган жоболор бөлүгүн бышыктоого көңүл бурсун.
Белгилей кетсек, курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрүнөн турган 1 072 делегат катышты.
Курултайдын ишинин жүрүшүндө өлкөнүн бардык аймактарынан келген делегаттар кошуна мамлекеттер ортосундагы чек ара маселелери, билим берүү, таза суу жана сугат суу менен камсыздоо, айыл чарбасы, дыйкандарга жеңилдетилген насыялар, калкты тейлөө борборлорунун көйгөйлөрү, коррупциялык терс көрүнүштөр, райондор ортосундагы талаштуу жайыттар, эскилиги жеткен имараттар, ички жолдордун абалы жана башка маселелер боюнча ар кандай темаларды көтөрүштү.