Бүгүнкү күндө өлкө аймагында таза суу менен камсыз боло элек айылдардын саны жүздөп саналат. Башка мамлекеттерден айырмаланып мөңгүлөргө бай Кыргызстандын аймагында таза суу көйгөйү чечилбей жатканы таң каларлык маселе.
Маселен, Баткен облусунда таза суу көйгөйү курч бойдон турат. Баткендин чет жакасындагы айылдардын басымдуу бөлүгүндө суу тартыш. Айрым учурда эки саатка гана суу берилет, мындайда үйдө болгон чака-чайнектерге суу толтуруп алуу керек. Эгер суу толтурганга жетишпей же оңдоп-түзөө иштерге байланыштуу суу чыкпай калса, анда 3-4 чакырым алыстыктагы кошуна айылдан суу алып келүүгө туура келет. "Суу ташып келүү күнүмдүк турмуштагы эң маанилүү иштин бири" деген Баткен районунун Ак-Өтөк айылынын (АВМ) тургуну Жаныбек төмөнкүлөрдү айтып берди:
СУУ ЧЫКТЫ, ЧАКА-ЧАЙНЕГИҢДИ АЛЫП ЧЫК
- Негизи таза суу графикке салынган, крандан алабыз. Таза суу көйгөйү курч. Башка жактагыдай болуп ар бир үйдө жер астына суу сактоочу жай жок. Улам эле ремонт боло берет. Эки күндүн биринде 2-3 саатка суу беришет. Эгер ремонт болбосо ошо күнү суу толтурганга жетишип калышың керек. Андагы суу таза болбойт. Үйгө алып келгенден кийин бир идишке тундуруп, анан колдонобуз. Ал эми ремонт болуп калганда кудуктан ташып келебиз. Ал үйүмдөн 1 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылдан суу такыр эле чыкпай калганда 3-4 чакырым аралыктагы кошуна айылга барып алып келебиз. Кышкысын суу алуучу ийкем түтүк (шланг) тоңуп калат. Бул учурда кошуна айылдардан ташып келебиз. 7-8 чакырымдагы дарыядан да барып алып келебиз. Андан ары 32 чакырым аралыкта да дарыя бар, кээде ошо жактан чака көтөрүп алып келгенге туура келет. Унаасы барлар унаасы менен барышат.
Баса, бүгүн бир көчөнүн тургундары таза сууну алып келүү үчүн ашар жолу менен казуу иштерин баштады
- Бизде таза суу көйгөйү күч. Сууну суу сактоочу жайдан алабыз. Хлорлонгон эмес, тундуруп коюп ичебиз. Кээде суу тунгандан кийин карасаң ичинде курттар жүргөн болот. Коркуп, балдарыма сууну кайнатып берем.
Кышында суу жок болуп калганда Тажикстандан 700-1000 сомго сууну тарттырып алып келебиз. Анда да таза болбойт, кээде тажиктер шыпырындыларын салып жиберишет, малдын өлүктөрү агып келет. Мындан улам ар кандай ооруларга чалдыккандар бар. Аз кандуулук, ичеги оорулары, бөйрөк, боор оорусу менен ооругандар көп. Кээде жаш балдар шашып, сууну мындай эле ичип алышат, анан анемия болушат. Келиндердин арасында да анемия болгондор көп. Кээ бири кудукка хлор, таблетка салып коюшат. Бирок мен балдар ичпей коюшат деп салбайм деле.
Идиштердеги сууну 2-3 күн тундурабыз. Күз мезгилинде бир аз тунук болуп калат, анда 1 күндөн кийин эле иче беребиз. Кээде үйгө коноктор келип калат, андай учурда туна элек сууну эле кайнатып, ичүүгө туура келет.
- Жамгыр жааган күнү идиштерибиз дайым даяр. Чоң-чоң челектерге толтуруп алабыз. Аны малга беребиз, кээде өзүбүз ичкенге туура келет. Бишкектегилерге айтсам жомоктогудай эле сезилсе керек.
Биз союз учурунун чекесин кичине көрүп калдык да, ал кезде крандардан суу чыгып жакшы эле. Азыр крандан суу кээде эле чыгып калат. Жазында сугат иштери башталганда ар бир айыл кезек менен алышат. Кээде суу келген күнү да колдоно албай калабыз, башка күнү алабыз. Суунун тартыштыгынан эгин, мөмө-жемиштер кургап калган учурлар болот. Сууну дыйкандар талашып-тартышып алышат. Азыраак жери барлар куру калышат. Айыл өкмөт таза сууга акча бөлүнөт деди эле, алигиче жок.
- Паскы-Арыктын Тажикстанга чектеш Уч деген жагы бар. Бул жерде суу маселеси курч. Негизи каналыбыз бар, бирок анын “канал” деген гана аты болбосо, бир күн суу чыгып, бир күнү суу чыкпайт. Айрыкча күз мезгилинде чыкпай калат. Арыктагы сууну ичкенге мажбурбуз. Кышкысын суу тартылып кеткендиктен 1-2 чакырым аралыктагы арыкка барып, суу алып келебиз.
Бизден суу чыкпай калган учурда Тажикстандын каналына мотор таштап, суу тартып келебиз. Суу толтуруп алгыча алар моторлорубузду чаап, сындырып, кээде уурдап да кетишет. “Сен эмнеге алып жатасың? Бул биздин суу” деп ошонун айынын көп уруш чыгат. Мунун аягы чыр-чатак менен бүтөт.
ЖОГОРУ ЖАКТАГЫЛАР ШЫЛДЫҢДАШАТ
- Чоңдорубузду жамандагым деле келбейт, бирок кээде таза суу келе турган суу түтүктөргө сугат сууну кошуп жиберишет. Жазында сууну ушинтип ичебиз. Эмнеге мындай кылышат, такыр түшүнө албайм. Жогору жактагыларга деле кайрылып көрдүк. “Насос коюп беребиз, долбоор ишке ашсын, ана коюп беребиз, мына коюп беребиз” деп коюшат. Атүгүл, өзүбүз акча чогултуп, суу түтүктөрүн койду элек. Кийин алар “коё турсаңар болмок, өкмөт коюп бермек да” деп бизди кайра шылдыңдашат. Эл ар кайсы жактан акча топтоп, кран чыгарганбыз. Ал 1 айча эле иштеп, кайра керектен чыгып калды. Арыктагы сууга жалбырак, малдын боктору кирип кетет. Себеби ал каналдан мал-жандык дагы ичет. Өзүм 60 жашка чыгайын деп калдым. Ушу убакка чейин алдап жүрүшөт.
Совет доорунда суу тартыштыгы жок эле. Азыр элдин да ою өзгөргөн. Суунун башындагылар суу түтүгүн тешип алып алышат, аягындагы эл кыйналып жатат. Биз азыр ыйласак да суу көйгөйү чечилбей жатат.