Түштүк Кореяда тик учак кулап, 5 адам каза болду

Бүгүн, 27-ноябрда саат 10:50дө Түштүк Кореяда тик учак кулап, кеминде беш адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, окуя Канвондо провинциясынын Янян округунда болгон.

Жергиликтүү бийлик тарабынан ижарага алынган америкалык Sikorsky компаниясынын С-58Т тик учагы токой өрттөрүн алдын алуу максатында аймакты айланып чыккан.

Кырсык болгон жерде 28 техника, 114 өрт өчүрүүчү жана бир тик учак иштеди.

Өлкөнүн премьер-министри Хан Док Су окуянын кесепеттерин жоюу үчүн колдон келгендин баарын жасоону буйруду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан