Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайра шайлангандан кийинки биринчи сапары Орусияга болот. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.
Белгиленгендей, сапардын алкагында Касым-Жомарт Токаев Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери видеоконференция аркылуу Казакстан менен Орусиянын аймактар аралык кызматташуу форумуна катышары айтылды. Мындан сырткары, биргелешкен документтерге кол коюлат.
Эскерте кетсек, 20-ноябрда өткөн шайлоодо Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 81,31 пайызынын добушун алган. Ал бул кызматты 7 жыл аркалайт.