Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин уулу Гейдар Алиев үйлөндү. Бул тууралуу өлкөнүн биринчи айымы Мехрибан Алиева Instagram баракчасына жазды.
"Кечээ үй-бүлөнүн тар чөйрөсүндө уулубуз Гейдердин үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрдүк. Мен үчүнчү кыздуу болгонубузга кубанычтамын! Бардык ата-энелердей эле уулубузга да узун жана бактылуу үй-бүлөлүк жашоо каалайбыз! Жаш үй-бүлөнү Аллах колдосун жана дагы көп жылдар бою бири-бирине болгон сүйүү жана урмат-сыйды сактоого жардам берсин! Бактылуу болгула!", - деп жазган Алиева.
Гейдар Илхам оглы Алиев 1997-жылы 3-августта төрөлгөн. Гейдар Алиев атындагы Заманбап окуу комплексин, ошондой эле Азербайжан Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.
Гейдар Алиев Азербайжандын президентинин жалгыз уулу. Ошондой эле Лейла жана Арзу аттуу эки кызы бар.