Депутат Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу убактылуу жыйындарга катышпайт

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков жыйындарга саламаттыгына байланыштуу убактылуу катыша албайт. Бул тууралуу кесиптеши Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Чыңгыз Айдарбеков саламаттыгына байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албайт. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасына жана фракция лидери катары менин атыма расмий кат жазды. Чыңгыз Азаматович жакынкы күндөрү кайтып келип, өз ишин улантат деп ишенем. Кесиптешибиз Эмил Жамгырчиевдин тегерегинде жаралган жагдайлар боюнча кошумча маалымат беребиз", - деп жазды ал.

Чыңгыз Айдарбеков менен дагы бир депутат Эмил Жамгырчиев 26-ноябрда Казакстанга тажыяга бара жатканда кармалганы маалымдалган. Кийин Эмил Жамгырчиев бошотулган. Ал эми Эльвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасына Чыңгыз Айдарбеков дайынсыз болуп жатканын жазган. УКМК Айдарбеков чек арадан кармалганын четке какты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-11-28 20:39:00
Атаңдын көрү. Аны да сындырыпсыңар да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан