Орусияда 27 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген Кыргыз жараны кармалды (видео)

Орусияда 27 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

Маалым болгондой, кармалган жаран 41 жашта. Окуя Санкт-Петербург шаарында орун алган. Анда кыргызстандык жаран 27 жаштагы кыздын үйүндө оңдоо иштерин жасап, иштеп жатканы айтылды. Анын жасаган иши маркумга жакпай калып, экөөнүн ортосунда пикир келишпестикти пайда кылган.

Шектүү катары кармалган кыргызстандык күнөөсүн моюнуна алган.

Алдын ала айтылган маалымат боюнча, шектүү кызды жыгач балка менен башка бир нече жолу уруп, андан кийин провод менен муунткан. Сөөктү полиэтилен менен ороп, батирдеги курулуш таштандылары салынган каптардын жанына коюп койгону айтылды.

Орусияда 27 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген кыргыз жараны кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Кыял
2022-11-29 20:17:00
Акмак , мыкаачы! Жазанды ал эми! Ушундай адам олтургучтор арабызда жургону коркунучтуу. Эмне болгон кундо дагы бироону олтургонго эч кимдин укугу жок болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан