Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзинат Суранчиева Москвада өткөн эл аралык музыкалык сынакта 1-орунду багындырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, ырчы Musica classica эл аралык сынагында "Соло фортепиано" номинациясында 1-орунга ээ болгон. Аталган сынак 24-29-ноябрда Орусиянын Москва шаарында өттү.
Бул сынак бардык аткаруучулар үчүн бир турда өткөрүлөт. Катышуучу сынакка бир нече номинациялар боюнча катыша алат. Сынактын катышуучуларынын өнөрлөрүн музыкалык окуу жайлардын чакырылган музыканттарынан жана профессорлорунан турган эл аралык калыстар тобу баалайт.
Сынакка КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн музыканттары катышты.