Таласта баңгизат сактап жүргөн жаран кармалды (фото)

Таласта баңгизат сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, милицияга Талас шаарында жаран өзүнүн үйүндө баңгизатын сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында тиешелүү кызмат тарабынан шектүүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Анда 5 литрлик бөтөлкөгө салынган марихуанадай кескин жыты бар кочкул-жашыл түстөгү жалпы салмагы 10 килограмм 605 грамм болгон зат табылган.

Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Талас районунун 1962-жылы туулган Ж.А. аттуу тургуну кармалды.

Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан