Өмүрбек Бакиров ага кабинет берилди деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров ага кабинет берилди деген маалыматты четке какты.

Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Бакировго жаңы кабинет берилгендигин жазып чыгышкан. Анда эл өкүлүнө 637-кабинет бөлүнгөнү айтылган.

Өмүрбек Бакировдун айтымында, бүгүн, 29-ноябрда анын иш бөлмөсүнөн чыгаруу маселесин иликтей турган депутаттык комиссиянын отуруму болгон.

"Жыйында менин кабинетимден буюмдарымды чыгарган президенттин иш башкармалыгынын тийиштүү кызматкерлеринин аракетине юридикалык баа берилсин деген бир гана талап койдум. Менин мурдагы кабинетимден буюмдарымдын жарымын чыгарып салышкан, жарымы ичинде калган. Андан кийин аны бекитип салышты. Мыйзам боюнча депутаттын иш бөлмөсүн тинтүүгө болбойт. Кабинетиме менин уруксатым жок кирип, буюмдарымды чыгарып койгону үчүн жоопкерчилик каралышы керек да", - деди ал.

Мындан сырткары эл өкүлү президенттин иш башкармалыгынын кызматкери андан бул окуяны коомчулукка жарыялабай эле келишип алууну сунуштаганы кошумчалады. Анда ал депутатка 637-кабинетти сунуштап, жаңы иш бөлмөнү оңдоп-түзөп беришерин да билдирген. Бакиров ага депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыгып, юридикалык баа берилмейинче башка кабинетке көчө албай турганын айткан.

Эске салсак, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишим долбоору каралган. Анда депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен мушташып кете жаздаган.

Андан кийин парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго ал отурган 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын коридорго чыгарып салышкан.

Бул тууралуу Жогорку Кеңеште талкуу болуп, депутаттар аталган маселе боюнча тийиштүү кызмат адамдары келип жооп берүүсүн талап кылган. Эл өкүлдөрү кесиптешине жасалган мындай мамилеге нааразычылык билдирип, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттардын укугун коргой албай жатканын сындашкан.

Андан соң 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгаруу маселесин иликтей турган депутаттык топ түзүлгөн. Анын курамына Чынгыз Ажыбаев, Алишер Козуев, Талант Мамытов, Эмил Жамгырчиев, Айсара Абдибаева, Динара Ашимова, Гуля Кожокулова, Ырысбек Атажановдор кирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан