Кыргызстандык жаран Москвада 70 миң долларын тарттырып ийди. Окуянын чоо-жайы

Москвада кыргызстандык жарандын 70 миң долларын карактоого шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда ИИМдин маалымат кызматынан маалымдады.
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында “Москвада кыргызстандыктын 100 миң доллары тонолуп, ага карата эки жолу ок атылган” деген маалымат жарыяланган.

Кыргызстандын ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгү бул факты боюнча өзүнүн ыйгарымынын чегинде тиешелүү чараларды көргөн. Маалыматка караганда, 28-ноябрда 102 кызматына Москва шаарынын Литовский бульварында октон жарадар болгон жаран тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери саат 13:40 чамасында кавказ улутундагы эки белгисиз адам тапанчага окшош буюм менен банктын филиалынын жанынан Кыргызстандын А.Т. аттуу жаранын коркутушуп, сумкага салынган 70 000 долларын тоноп кетишкенин аныкташкан. Кыргыз жараны кол салгандардын артынан түшкөндө белгисиз адам аны көздөй бир нече жолу ок чыгарган, андан кийин алар унаага түшүп, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Окуя болгон жерден болжол менен травматикалык куралдын 3 гильзасы алынган. Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Маалым болгондой, кылмыш иши боюнча жабырлануучу Жалал-Абад облусунда 1992-жылы туулган А.Т. аттуу Кыргыз жараны. Анын Орусиянын аймагында убактылуу каттоосу жок.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Ингушетия Республикасынын жараны кармалган.

Учурда кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы тандалып, айыптоо маселеси чечилип жатат. Учурда бардык зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган процесстик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кылмыш иши боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gulia90
2022-11-29 22:22:00
Москвада кыргызстандыктарды тоногондор мода болуп кетти окшойт)
0
Alixan-Nookat.2015
2022-11-30 14:45:00
Буга чейин тонолгон кишинин акчалары эмне болду кылмышкерлер аныкталып кармалдыбы? Банк кызматкерлери же полиция кызматкерлери менен биргеликте чет өлкөлүк акчасы барларды тоноп жатпай элеби экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан