Медер Алиев комитет төрагалыгынан кетти

Медер Алиев Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 30-ноябрдагы жыйынында белгилүү болду.

Жыйында төрага Нурланбек Шакиев Алиев өз арызынын негизинде комитет төрагалыгынан кетип жатканын маалымдады.

Алиев төрагалыктан кетишине Кемпир-Абад маселеси себеп болгон, бирок ага карата эч кандай кысым болбогонун айтып өттү.

"Чечимди өзүм кабыл алдым. Эч ким мени мажбурлаган жок. Кыскача бир сүйлөм менен айтсам өткөндө Кемпир-Абад маселеси себеп болду", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан