Кытай Эл Республикасынын Коммунисттик партиясынын мурдагы башкы катчысы жана төрагасы Цзян Цземин 96 жашында каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарына таянуу менен билдирди.
Маалыматка караганда, Цзян Цземин Шанхайда лейкоз жана көптөгөн органдардын иштебей калышынан улам каза болгон.
Ал 1993-2002-жылдары өлкөнү жетектеген. Цзян Цзэмин 1946-жылы Кытай Эл Республикасы түзүлгөнгө чейин эле Коммунисттик партияга кирген.
Цзян Цземин Шанхайдагы Цзяотун университетинде инженер-электрик адистиги боюнча билим алып, андан кийин Орусиядагы Сталин атындагы Москва автомобиль заводуна (кийин ЗИЛ деп өзгөртүлгөн) барып, 1956-жылга чейин билим алган.
Цзян Цземин бийликте турганда саясий чөйрөдө мыйзамдар катаалдашып, экономикалык чөйрөдө олуттуу реформалар жүргүзүлгөн. Алардын арасында: жарым-жартылай менчиктештирүү, көптөгөн ири мамлекеттик ишканаларды жабуу жана «темир чөйчөк күрүч» принцибинин жоюлушу (кепилденген жумуш, эмгек акы жана пенсия) болгон.