ПОЭТЕРАПИЯ: "Орусча сүйлөбөгүн, далилдейм деп сен мага артыктыгың"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы өрүкзарлуу Баткендин уулу Санжар Абдинаби.

Санжар Абдинаби - жаш акын, мугалим жана депутат.

Каарманыбыз 1992-жылы 17-ноябрда Баткен шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 2002-жылы Баткен районунун Рават айылындагы орто мектептин босогосун аттаган.

  • 2006-жылы Кадамжай шаарындагы "Кадамжай-Семетей" Түрк лицейине кабыл алынып, аны 2011-жылы ийгиликтүү аяктаган.
  • 2011-жылдан 2015-жылга чейин Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин түркология бөлүмүн бүтүргөн.
  • 2014-2015-жылдары Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин гуманитардык факультетинин алдында түзүлгөн "Жаңырык" адабий клубун жетектеген.
  • 2016-жылы "Ой тамчылары" аталышындагы ырлар жыйнагы жарык көргөн.
  • Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын ээси.

Учурда Баткен шаардык кеңешинин социалдык комитетинин төрагасы, депутаты.

Мындан сырткары Баткен шаарындагы Тамга толук эмес орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан окуучуларга билим берет.

Ошол эле учурда Фейсбук социалдык тармагында жазылган кызыктуу посттору менен да белгилүү.

Үй-бүлөлүү.

Алгалагыла

Жарышып ,тулпарларым, чуркагыла,
Жанашын алтын күндүн нурларына.
Ала-Тоодой чоң эмгек жасагыла ,
Алп Манас Айкөлүмдүн урпагына.

Шашылгыла шумкарлар чамдагыла.
Жаркысын дүйнө күйүп жанганыңа.
Океандай чоң кызмат кыла бергин,
Адам ата, Обо эне балдарына.

Жеңилбе жакшылыкта теңдешиңе,
Билесиң өткөн күндүн келбесин э?
Жашооңдү арнап коюп өмүрдү сүр,
Жараткан Кудайымдын пендесине.

Санжар Абдинаби ыр жазгандан сырткары сүрөт тартканга, ырдаганга кызыгат. Мындан сырткары бош убактысында китеп бетин ачып, дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларды окугандан ырахат алат.

Билим

Билим сага жыртылбаган тон болот,
Билим сага тыйын болот, сом болот.
Өлкөбүздө билимдүүлөр көбөйсө,
Өргө карай Кыргызстаным оңдолот.

Билим деген күйүп турган шам тура,
Бийиктикти алып келер калкыма,
Окуп, билип, алып терең билимди,
Обдулалы, жүткүнөлү алдыга.

Билим сени сактап калар, калкалаар,
Билим сага байлык болор мактанаар.
Кудук казып ийне менен тептерең,
Келди мезгил бийиктерге алгалаар.

Түркөй болуп, мерез болуп, караңгы,
Түпөйүлгө баратабыз санаам бу,
Кыйын кезде билим алып, жок болбой,
Кыргызстанга биз бололу жарамдуу.

Билим деген бул дүйнөнүн туткасы,
Билим деген жашообуздун устасы.
Караңгылык, билимсиздик айынан,
Катыгүн ай, болуп келет мушташуу.

Болсо дагы мал-дунүйөң көп, белен,
Бир ширеңке анын баарын өрттөгөн.
Анык досуң билим сенин кыйышпас,
Айсберг сымал сууга салса чөкпөгөн.

Калк болбой таанылбаган, билинбеген,
Кадырлуу эл бололу түбү терең.
Кредит, карызга эмес жалгыз гана,
Келечек келет бизге билим менен.

"Алтымыштагы атама" аттуу ыр саптарым аска зоом 60 жашка чыкканда жаралган. Атам Абдинаби Кадыров тарых илимдеринин кандидаты. Учурда Баткен мамлекеттик университетинде эмгектенет. Атам биздин үй-бүлөнүн сыймыгы, насаатчысы. Колго калем кармап, ыр жазуу мага атамдан өткөн. Атамдын ырлары республикалык гезиттерге жарыяланып турган. Бирок кийинчерээк илимге ыктап кеткенден кийин ыр жазбай калган. Көрсө, чоң атам Аззамбай аксакал да поэзияга жакын киши болгон экен. Анын бир тууган агасы Тургунбай атабыз да кара сөз түрүндөгү чыгармаларды, санжыра да жазчу экен. Акындык биздин ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан өнөр деп айтсам болот. Алардын жолун жолдоп, поэзия айдыңына салым кошуп келе жатканыма кубанам.

Алтымыштагы атама

Толупсуз жашка алтымыш,
Тоодой зор болсун бактыңыз.
Арытып далай жылдарды,
Океан сымал чалкыңыз.

Кут болсун алтымыш жашыңыз,
Кут болсун бийик ашууңуз.
Даңк менен сүрүп өмүрдү,
Далай жыл жолду басыңыз.

Экөөңөр биздин барыбыз,
Экөөңөр бийик багыбыз.
Эсен-соо жүрүп биз менен,
Эки жүз жылда карыңыз.

Ар түсүн көрүп турмуштун,
Акылдан сарай тургуздуң.
Убайым тартпай жүргүлө,
Урматын көрүп уул-кыздын.

"Бир жолу Сүйүнбай Эралиев атабызга "автобус деген сөз менен уйкаштырып, ыр жазып көрө аласызбы?" деп айтышкан экен. Негизи кыргыз тилинде автобус менен уйкашкан сөздөр жокко эсе деп ойлойбуз да. Бирок ошондо Сүйүнбай атабыз минтип ыр жазыптыр:

"Сен олтурган автобус, мен олтурган автобус.

Баратабыз ичинде, жүргүнчүлөр алтообуз" деген саптарды жараткан экен. Муну менен ыр уйкаштыктан эле турбашы керек дегенди айткым келип жатат. Уйкаштык болсо дагы буга чейин бирөөлөр колдонбогон, эч бирде жазылбаган уйкаштыктар болсо жакшы болот.

Кыргыз поэзиясында керек болсо бир саптан турган да ырлар бар. Автору ким экени белгисиз. Аны бир жолу Алтынбек Ысмаилов агай айтты эле: "Боюңда болгон менен оюңда жок" деген ыр сабы.

Кендириңди кеспе

Дүйнө кыйрап, кооздук, сыны кетип,
Дүңгүрөгөн заводдун добушунан.
Адам баарын четинен кырып өтүп,
Акыбетин көрчүдөй дал ушунан.

Булганып, талаа, түзү,суусу,тоосу
Бутуңдан чалып турат таштандылар.
Муңдуу агып өзөндөр шылдыроочу,
Муунтат бир күн коюлган капкан сыңар.

Бомбаланып нечен шаар,чөптөр өспөй,
Болду жексен жер менен тегизделип.
Балкып учуп ойногон көпөлөктөй,
Баратабыз байлыкка негизделип.


Айланды сайлар тоого,тоолор сайга.
Ал эмес кырылды арча, карагайы.
Атылды марал, бугу, илбээсиндер,
Атылды улар, жолборс,кара аюу.

Күн күркүрөп, жамгыр тамбай,уу тамып,
Купкуу болду жердин бети кумсарып,
Өз тамырын кыя турган адамдын,
Өзөгүндө эмне жатат мынчалык.

Кайрылуу

Өзүңдү тартым дейсиң жаңылышып,
Өзөктөгү сен эмес, чындык алыс.
Ойлор бизди ар кайда алып учуп,
Эл көзүнө киргенге тытынабыз.

Илим курдук дүйнөнүн чечип сырын,
Жадагалса, Айга да жакындаштык,
Улук сапат адамдык кетип бүгүн,
Айтчы качан коңшуга жакын бастын.

Апкетчүдөй дүйнөнү дүңү менен,
Алпурушуп издейбиз айла-амалын.
Жеталбайсың дүйнөнүн түбү терең,
Жипсиз эле башты ага байлабагын.

Көзүбүздү дүйнөнүн басып майы,
Көөдөнүбүз баратат тарып улам,
Эр жигиттин энесин жашытмайы,
Элибиздин кезикпейт тарыхынан

Күндөр сызып, агылып айлар безет,
Күзүлдөп өнүгө албай айлаң кетет,
Жакырчылык себеби бизде тура,
Жапырт издеп биз аны кайда десек.

Келип турат кулакка кылгым кагыш.
Курулай кур үмүткө жылынабыз.
Бийликти кайра-кайра баса бербей,
Биримдикти курап ал бытырагыс.

Ынкылапты жасабай кайра-кайра,
Ынтымакты курап ал бытырагыс!!!

"Соңку 3,4 жылдан бери калем кармап, ыр жаза элекмин. Шаардык кеңештин депутаты болуп, коомдук иштерге активдүү катышып калгандан бери чыгарма жаратууга убакыт болбой жатат. Ошол эле учурда мектептеги жумуштар, балдардын билими да убакытты, энергияны талап кылат. Бирок учуру келгенде сөзсүз поэзия ааламына кайтып келем. Келечекте өзүмдүн дараметимди проза жанрында сынап көрсөмбү деген да ойлор бар. Учурда Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелери менен жакындан таанышып жатам. Акыркы окуп аткан китебим америкалык жазуучу Тара Вестовердин "Окуучу кыз" деген чыгармасы. Бул экөөнүн чыгармалары менин прозага болгон кызыгуумду жаратып жатат. Балким, мындан кийинки менин чыгармаларым кара сөз түрүндө жазылган чыгармалар да болуп калышы мүмкүн", - дейт жаш акын.

Китепканада

Унчугушпайт тыптымтырс болуп баары,
Жетелеп китептери колундагы.
Ар кими ар каякта учуп жүрөт,
Болсо да турган жери окуу залы.

Барактап китебинин барактарын,
Бирин бүтүп, да бирин алат дагын,
Жаркын, жакшы жашоого ачкыч издеп,
Чукугансыйт кара жер кабаттарын.

Тапкансып издегенин кээси кетет,
Табалба кээсинин мээси кетет.
Кээ бири түшүнбөй окуйт, окуйт,
Кээсинин түшүнгөнгө мээси жетет.

Тынчтыкты бир гана чымын бузат,
Алы келбейт кеткенге учуп узак.
Түсү жок бир немени сүзөт токтойт,
Кайдан билсин айнек турса жолун тушап.

Учуп келип, айнекти “тырс” деп урат,
Жыгылат, учуу үчүн кайра түрат,
Кайталап аракетин сан миң жолу,
А бирок аягында жаны куурайт.

Оку, изден, кудук каз ийне менен,
Курсакты толтурбастан тамак-ашка.
Башыңда аз да болсо акыл болсун,
Айнектин түссүздүгүн баамдашка.

"Шедевр жаратам деген адам улам өсүп, жыл өткөн сайын өзүнүн мурунку жазган ырларына сын көз караш менен караганы туура болот деп ойлойм. Мисалы, ошол эле Алыкул Осмонов атабыз дагы өзүнүн чоң ыр дептерин, ырларына канааттанбай өрттөп салган деп айтып келишет. Балким, эгерде биз Осмоновдун ошол ырларын окусак, Алыкул деле ушундай жазган турбайбы деп айтсак керек эле. Ошон үчүн акын болом десең, мурда жазылган ырларыңдын үстүнөн кайрадан иштеген туура болот окшойт деп калдым. Анткени Алтынбек Ысмаилов, Жылдызбек Турсунбаев агайлар ыр жазылды, ушуну менен болду өзгөрбөйт деген көз карашыңар туура эмес деп айтып калышчу.

Кыялдарга сараңдык кылбагыла

Аймак болбос каптаган кыяны жок,
Айбан болбос коопсуз, зыяны жок.
Сөөлөт көрдүм сүйрөлүп араң жүрөт,
Сөөгү бар а бирок кыялы жок.

Кыялыбыз кызматка улам жарап,
Куштай сызып абада учак барат.
Ар кайсыны көрсөткөн сыйкыр күзгү,
Азыркынын айфону сыяктанат.

Курчангыла, кыялга чүмкөнгүлө,
Кудай дагы кыялга болжоп берет.
Ай-жыл мурун баарыбыз, силер дагы,
Ата-эненин кыялы болсок керек.

Куюн жетпес кыялдын учканына,
Кыял болчу бир кезде учкан унаа.
Кыйын турмуш турса да басып жондон,
Кыялдарга сараңдык кылбагыла.
Мүнөзүңдө сараңдык болсо дагы,
Мүдөөлөргө сараңдык кылбагыла.

Мен өлгөндө

Мен өлсөм өкүрүп ыйлашпасын,
Буйругуна Кудайдын каршы туруп,
Өчү барлар артымдан сүйлөшпөсүн,
Келишсин туруп берем, алсын уруп.

Мен өлсөм болгону кемийт пенде,
Сапырып кереги жок дүйнө-мүлктү.
Аркайган аска деле сайга айланган,
Ааламда жок эч нерсе түбөлүктүү.

Билик өчөр “жалп” этип кеч иңирде,
Билбейт белем болорун кечимдин не,
Доорунда досторчо боло албасам,
Досторун ай, досуңду кечиргиле.

Жакшы сөздү айткандан эмне пайда,
Мен өлгөн соң өкүрүп ыйлап алып.
Көр ичинде кеп угуу кайдан дейсиң,
Келгиле тирүү кезде сыйлашалык.

Өмүр кыска, а балким беш күнчөлүк,
Балким узун жазгыдай беш күндөлүк.
Жүз жылдар да жүгөрү бышымчалык,
Жүз жылдар да өткөндөй өткүн болуп.

Мүрзөлөр...

Ар талаанын шибери, чөбү болот.
Ар бир гүлдүн жайнаган өңү болот.
Ар пендеде кан сарай болсо да,
Акыйкатта мүрзөсү, көрү болот.

Ой, кырды ээлеп турган көп мүрзө бар,
Орто, чоң, анан дагы кипкичине.
Мен өлүмдүн барлыгын унутпайын,
Менин дагы ушул түн кир түшүмө.

Бир кездерде ойнодук атырып таң,
Бир кездерде курдук биз топурап шаң.
Жарыктыкка “жылт” коюп жер болобуз,
Жаралганбыз анткени топурактан.

Өксүгөндөн пайда жок өкүм ушу,
Өлүм болот баарынын акыр түбү.
Көзгө урунуп көп көрдүм акыр чакта,
Көрүстөндөр же мени чакырдыбы.

Куурайт бир күн ачылып бүрдөчүлөр,
Кулайт бир күн асманды тирөөчүлөр.
Алты күндүк аманат жашоо ушул,
Азыр бар эртең болсо мүрзөсүнөр.

Тоолуктарга

Чептей курчап батыштан да чыгыштан,
Чек буздурбай бекем кармап турушкан.
Алда канча моюн сунбай душманга,
Ата бабам тоолор үчүн урушкан.

Курман болуп нечендердин кан жаны,
Курман болуп туу жыгытаар балбаны
Кылым өтсө, алмашса да доорлор
Кыргыз жаны алп тоолорго байлануу.

Бийиктебиз болгон үчүн олжолуу,
Бийиктикте биринчибиз болжолу,
Башкаларды бакса газы, нефтиси,
Багат бизди кыргыз Ала Тоолору.

Не бир сонун жашоо болуп куш убак,
Нефти жайнап кетсе дагы кут улап,
Топон суусу каптап кетсе бүт баарын
Тоолук кыргыз тоого качып кутулат.

Аппак карда, көк мөңгүдө не бар деп,
Айтса айтсын башка жандар бош оюн,
Бир биринен ажырагыс жаны бар,
Биз тоолорго, тоолор бизге кожоюн.

Жапыздарга келбейт менин теңелгим,
Жапыздарга келбейт менин оолуккум,
Мээлеп түндө жылдыз санап уктаган,
Мен анткени кызыл жүздүү тоолукмун.

Эри балбан, кызы сулуу үр кыздай,
Элге маалым улуулары Чыңгыздай .
Кыйындыкты жеңип алам мертинбей,
Кыргызбаймын, мен анткени Кыргызбай!!!

Акындын калеминен жаралган ыр саптарында атуулдук поэзия басымдуулук кылат. Мекен, туулган жер, эне тил темаларына арналган чыгармалары арбын.

Үстүмдөн күлбөгүлө

Сүйлөнбөй калабы деп бөтөн тилди,
А балким коркосуңар.
Кадырын сезип алчу,
Тагдырын чечип алчу,
Ар тилдин өз өзүнүн өлкөсү бар.
Кастарлап кадырлашат
Орустар орусчасын,
Казактар казакчасын.
Өзүңө жат болосуң,
Балтага сап болосуң
Эй, кыргыз!
Сен күйбөйсүң, каяктасың?!

Үстүмөн күлөттүрсүң,
А балким билеттирсиң,
Каныңдын кыргыздыгын.
Танбайсың сен атыңдын Жылдыздыгын,
Танбайсың Кундуздугун,
Танбайсың Чыңгыздыгын.
Бегимай Бема болуп,
Жоомарттар Жома болуп,
Азайып кетип барат.
Аттарын жоготууда кыргыз бүгүн.

Калпакты кийип жүрсөм,
Кийизден, жүндөн болгон,
Айылдык деп үстүмөн күлгөн болгон,
А балким өзүң деле келгендирсиң,
Алыскы Баткен жактан,
А балким Чүйдөн, Тоңдон.

Орусча сүйлөбөгүн,
Далилдейм деп сен мага артыктыгың,
Ансыз да билип турам.
Алдагы көөдөнүңдүн жыртыктыгын.
Бир чети кыжырдантса,
Бир чети боор оорутат.
Байкушум ай, мал жасабас кызык түрүң.
Кыргыз тил жарлы эмес,
Кыргыз тил жарты эмес.
Кыргыз тил-бул бир деңиз,
Кыргыз тил-бул бир аалам.
“Манастай” чоң дастанды баянга алган.
Айлангын ошол үчүн тилимден,
Асабамдан.
Андыктан курбу-достор,
Бул тилди сүйөлүчү,
Бул тилге күйөлүчү,
Бул тилди билеличи.
Анткени бөтөн эмес кыргыз гана
Ааламда кыргыз деген тилдин ээси!

Эки дүйнөнүн көсөмү

Караңгылап жарыктык, тарып кенен,
Кай бир доордо кан аккан арык менен.
Кудай Таалам бир Сени жибериптир,
Кыяматка жетчүдөй жарык менен.

Жүрөктүн орун бердим толтосунан,
Жүрүп келем артыңдан жолдоп улам.
Кандай бакыт аламын насип болсо,
Коңшу болуп жаныңа орношуудан.

Таш жүрөктү жибитип мээрим менен,
Такыр калбай, көңулдөр ээрибеген,
Куран окуп Каабада турганыңда,
Куулук кылган мушрик да мемиреген.

Атаандашар пенде жок, айкын неме,
Атың тарап ар жерге барат ылдам.
Улуу жарык деп билген Ай, Күн деле,
Урматыңа өзүңдүн жаратылган.

Сызган жаштар ным кылып көкүрөктү,
Сыйбай барат көөдөнгө бук, кусабыз.
Төрт карыш топуракка көмүлгөнчө,
Төгөрөккө ысмынды угузабыз.

Табийгат ыйбаа кылып, булут ээрчип,
Так ортодон бөлүнүп кетчү деңиз.
Уйкуга түбөлүккө кеткичекти,
Уюлдарга атыңды жеткизебиз.

Өмүргө

Күндөргө учкашамын,
Калтырып миң элети.
Өткөнгө кайрылганды,
Өткүр кез тилебеспи.

Зымырап күндөр мени,
Зоолорго алып учат.
Жаштык кез кол булгалайт,
Жалжылдап калып узак.

Колдондук бул өмүрдүн,
Күндөрүн бир нече миң.
Бир күндө бир күнүмдү,
Байпактай кирдетемин.

Ким кандай жашаганга,
Береттир тарых баасын.
Мен улам карый берем.
Мезгил, бир калыптасың.
Көзүмдү карытса да,
Көңүлдү карытпасын.

Мага эмне?
(какшык ыр)

Калк карайлап ыйласа мүңкүрөнүп,
Кайгы чексе караңгы күндү көрүп,
Үйрүлө түшкөн жан жок ушуп турсаң,
Үлбүрөдүк, биз мынтип үлбүрөдүк.

Саталбаса дыйкандар анделегин,
Жигиттериң көрүнөө чанса кебин.
Кара жанга камкордук кылсам болду,
Калкым менен жумушум канча менин.

Эрендериң жашаса маңзат менен,
Элин сатуу көбөйсө таркап кенен.
Келечек деп кебелбей иштегидей,
Керт башымды калкыма арнап белем.

Кордук көрүп кыз көзү булактаса,
Колун сунуп жигиттер үн катпаса.
Мен үчүн кымындай да зыяны жок,
Мени чакпас жыландар узак жаша.

Өмүр бир, жанды кыйнап кереги эмне,
Кошулба “Эл,жер үчүн!” дегендерге,
Эртең үчүн жасаган эмгегиңди,
Эртеңкилер төлөтүп береби эмне?

Балбалга

Таш турат элес кылбай бүгүнкүнү,
Сиңирип сан миң жылды тулку бойго.
Селейген калыбында түрү, сүрү,
Тарыхты көргөн бирок тунжуроодо.

Кудайдын каары тийип пендеге бир,
Калды бейм өзүңдөй ак таш болуп.
Таңмын да азыргаче эмнегедир,
Турасың кадимкидей жапжаш болуп.
Турмушуң төрт тараптан бууп кирет,
Көөдөндү көйгөй менен буулуктуруп.
Адамдай болбосоң да оозуң бекем,
Эч кимге айтпайт сырларды угуп туруп.

Сагыныч

Күсөтүп мени, күчөтүп мени, түтөтүп,
Уктатпай түндө уйкумду көздөн качырат.
Сагынган атам, сагынган энем, тууганга,
Саргайбай эле кезиксем деймин батыраак.

Уктабайм кээде көрүнөт мага шыптардан,
Уй саап жаткан энемдин сүйкүм элеси,
Түк келбей уйкум түйшүгүн тартып кусанын,
Түшүмдүн баарын энекем жалгыз ээлечү.

Сагыныч мага кыйнаган оору, даяр муң,
Сагынам дале калса да жашым өйдөлөп,
Көчөдө жүргөн жоолукчан эне, аялдын,
Баарысы менин энекем окшойт, өңдөнөт.

Ийги эмес балким, кыларга башка жок чара,
Ичинде жүрөм сагынуу менен кусанын,
Бир күнү мага учаарга бүтсө кош канат,
Бир мүнөт түрбай өзүңө карай учамын.

Бөлүшөйүн бактыман

Мен тагдырга түк нараазы эмесмин,
Өлчөмү жок бакытты мага берген,
Мен бакыттын аламын чын күлкүдөн,
Мен бакытты жөнөкөй алам элден.

Күн болгон жок мүңкүрөгөн, өксүгөн,
Тагдыр менин толо кылды чынымы.
Өргө карай сүйрөп мени жазмышым,
Өмүрүмдө көп болбогон жыгылуу.

Аз болсо да балким жалгыз көз ирмем,
Ар кимдерди тагдыр сыйга бөлөсүн.
А мен келем кучагында бактынын,
Аны кантип керек менин төлөшүм.

Кээ пенделер жок бакытты эңсешет,
Бирөөлөргө бакыт деген жарты нан,
Бакыт керек болгон жандар келгиле,
Мен силерге бөлүшөйүн бактыман.

Күндөргө

Өмүрдүн өтөп жылдарын,
Суусу окшоп агып жылганын.
Жаш кезек кетип баратат,
Тарттырып азап, жыргалын.

Дуулдайт күйүп от болуп,
Койбой бир такыр токтолуп.
Жаштыктын ысык табы бар,
Көмүрдөн күйгөн отчолук.

Колдорду колго чапкылап,
Оюн-зоок бизди шат кылат.
Жылт коюп бир күн жок болот,
Таскагы ыодам атчылап.

Карылар бүгүн жаш эмес,
Картайган жүрөк таш эмес.
Кылгыраар көздөн жылуу жаш,
Келгенде эске жакшы элес.

Айыл жыты

Чөп чабык, суу суугаруу, эгин кароо,
Байкатпай колу-буттун шайын алат.
Жаткан жыргал бак астында керебетте,
Аптаптуу ошол жайдын айын карап.

Күүлөнүп аккан суулар шоокум салат,
Ушакташып көп терек шыбырашат.
Чарчап келип уктасам чырм этпей деп,
Жанталашып бүргөлөр кыбыратат.

Өзгөчө айыл түнү мага жагат,
Бозойлор селкисине ышкырышат.
Өгүздөр өзөн-сайды кезип келген,
Баш-буш этиш кез-кезде бышкырышат.

Борсулдак борс-борс үрөт шбыр укса,
Үн чыгат алыс жактан “сүтак, сүтак”.
Айылдын сүт, айраны көздөн учуп,
Жүрөмүн ичким келип жутап, жутап.

Айта берсе айылда андайлар көп,
Акындар ал жөнүндө жазар кылым.
Эли жөн, жолу таштак болгон менен,
Жактырамын айылдын тазалыгын.
Айылда укмуштар көп, кооздор көп,
Сүрөттөө кыйын анын кээ бирлерин,
Күнгө күйүп тотуккан болгон менен,
Жактырам адамдардын пейилдерин.

Музыка

Кайгы чегип эңшерилсе дүнүйөм,
Муң-кайгыны төккүм келем ичимен,
Убагында музыка мени түшүнөт,
Мен да аны дал өзүндөй түшүнөм.

Жеңилдетет жүрөк кылын черткилеп,
Эстен чыгат касыретим эскирет.
Музыкадай эч ким сырдаш боло албас,
Сырдаш кылдым аны өзүмө энчилеп.

Ааламдын көркү аялзат

Жүргөнү жаздын гүлүндөй,
Күлгөнү сууну үнүндөй.
Кыздар жок болсо дүйнөдө,
Жүрмөкпүз балким кийинбей.

Көңүлү ачык асмандай,
Көркөмү чексиз дастандай.
Айымдар жок болсо ааламда,
Калмакпыз мүмкүн жасанбай.

Жагымы тоонун желиндей,
Тырышат дайым эринбей.
Аялзат асыл болбосо,
Калмакпыз атыр себинбей.

Мугалиммин

Кыйнаса да көрсөтүп далай жорук,
Шилтебей кол чыйралам дагы ойлонуп.
Өз өлкөмө салымды кошо берем,
Өлгүчөктү балдарга агай болуп.

Билип турам зымырап күн өтөрүн,
Билик сымал бир жанып, бир өчөмүн.
Баатыр болуп кыргызды коргосун деп,
Балдарыма бирдеме үйрөтөмүн.

Асмандан таш башыма жааса дагын,
Астыман жер бөлүнүп калса жарым.
Жашоодогу максатым окуучуга,
Жасаганым жакшылык жасаганым.

Көп тилекти, максатты орундатып,
Көңүлдөрүн ээлеймин кошо басып.
Орун тапса окуучум жашоосунан,
Ошо бакыт, мага чын ошо бакыт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан