8-класстын окуучусун өлтүрүүгө жана зордуктоого шектелген эки адам асынып алган жеринен табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, окуя Ош шаарындагы СИЗОдо 3-декабрдан 4-декабрга караган түнү болгон. Асынып алган жарандар 25, 26 жашта болгону айтылды. Аталган окуя боюнча иликтөө иштери башталды.
Эске салсак, ушул жылдын 5-сентябрында Баткен облусунун Кадамжай районунда мектеп окуучусу өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, аны алгач зордуктап, кийин кылмышын жашыруу үчүн муунтуп өлтүрүшкөн.
Кыздын сөөгү жолдун астындагы тоннелден табылган. Бул факты боюнча алгач үч шектүү колго түшүрүлсө, андан кийин төртүнчүсү кармалган.
Алар: Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 26 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары болгон. Төртүнчү шектүү 18 жашка чыга элек болгондуктан Жалал-Абад облусундагы атайын режимдеги объектиге киргизилген.