Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин абалы туруктуу оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ассоль Молдокматова билдирди.
Учурда актёрго операция жасоо үчүн Түркиянын жана Орусиянын клиникалары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Азиздин учурда абалы туруктуу оор. Бардык медициналык чаралар көрүлүп жатат. Биздин дарыгерлерге аракети үчүн рахмат. Ал дагы деле сүйлөбөйт, бирок суюктук акырындап кете баштады. Боорду алмаштырууга жетишип калуу керек. Дарыгерлер учурда Азизге учуу кооптуу экенин айтып жатышат. Бизде убакыт абдан аз. Дарыгерлердин макулдугун күтүп жатабыз. Азиздин жакындары жана жубайы жардам колун сунуп жаткан бардык кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирүүдө", - деди Молдокматова.
Белгилүү болгондой, актёрдун өмүрүн сактап калуу үчүн кечээтен бери 3 миң 270 доллар чогултулган. Ал эми операция үчүн жалпысынан 45 миң доллар акча каражаты керектелет.
Эскерте кетсек, театр жана кино актёру Азиз Мурадиллаев жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү боюнча маалымат кечээ, 3-декбарда тараган болчу.
Жардам берүүнү каалаган жарандар үчүн реквизиттер:
Мбанк :0553330431 Элсом: 0553330431
Элкарт: 9417 0187 9084 8931 KICB
Оптима: 4169 5853 4877 4703 (A.Ли)
Сбербанк 2202202376920157
Тинькофф 4377723789917360 (Чукуев АК)