Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Орусияга учуп кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация кечээ, 4-декабрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн Москва шаарына учуп кетти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев ассамблеянын кеңешинин биргелешкен жыйынына жана 15-пленардык отурумуна катышат.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан