Орусиялык белгилүү ырчы Григорий Лепстин катышуусундагы көчө мушташынын видеосу интернетке тарады.
Маалым болгондой, мушташ 2-декабрь күнү кечинде болгон. Анда Григорий Лепс командасы менен барда эс алып жаткан. Барда отургандардын бири атактуу адамды көрүп, чогуу сүрөткө түшүүнү чечкен. Алдын ала маалыматтарга караганда, ырчыга орой баш тартуу менен жооп берген.
Андан кийин сүрөткө түшүүнү суранган адамды коопсуздук кызматы эшикке алып чыккан. Ал кетип бара жатып ырчыны жана анын командасын жаман сөз менен сөккөн, жыйынтыгында жаңжал кайрадан уланган.
Окуянын натыйжасында эч ким кармалган эмес, бирок бул окуядан улам полиция тергөө иштерин баштаган.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>