Кышында жылуулуксуз калган Экибастуз шаары: ЖЭБдин начальнигинин жансыз денеси табылды

Казакстандын Экибастуз шаарындагы гараждардын биринде жергиликтүү жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) участкасынын башчысынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Экибастуз жылуулук борборунун 33 жаштагы башчысынын жансыз денеси ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү унаанын ичинен табылган. Анын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери болгон эмес. Учурда өлүмдүн келип чыгуу себеби такталууда.

Ноябрь айынын аягында -31 градус суукта Экибастуз шаарындагы ЖЭБде бир нече от казандары иштен чыгып, шаар тургундары жылуулуксуз калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан