Коңшу Казакстандын Экибастуз шаарындагы ЖЭБде бир нече от казандары иштен чыгып, шаар тургундары жылуулуксуз калышты. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 27-ноябрда саат 01:20да №11 от казаны токтогон. 10 мүнөт өтпөй №13, 14, 15 от казандары суунун көп агымынан улам токтоп калган. Өз кезегинде муниципалдык кызмат кырдаалды курчутпоо үчүн шаар тургундарын тармактык сууну агызбоону суранды. Түтүктөр толугу менен муздап, үй жалпы жылуулук менен камсыздоо тутумунан ажыратылганда гана тармактык сууну системадан агызып салуу керек.
Учурда абалды жөнгө салуу үчүн болгон аракеттер көрүлүүдө.
Экибастуз шаарында -31 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө.