Экс-президенттерге берилген артыкчылыктарды азайтуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

"Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин 6-декабрдагы жыйынында каралды.

Демилгенин автору эл өкүлү Жеңишбек Токторбаевдин айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттин бюджеттик каражаттарын жана мүлкүн рационалдуу пайдаланууга багытталган. Ошондой эле ал эгер бул мыйзам кабыл алынса, артка иштебей турганын, демек, экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевага тиешелүү эмес экенин айтты.

Ал эми депутат Дастан Бекешев мурдагыларга дагы тиешелүү боло тургандай кылуу зарылчылыгын айтты. Токторбаев муну 100 пайыз колдой турганын, эгер мыйзамга дал келүүчү сунуштары болсо, биргеликте иштеп чыгууга даяр экенин билдирди.
Ал эми Дастанбек Жумабеков мыйзамдын артка күчү жок экенин белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик күзөт экс-президенттин жеке каражатынан каржыланышы мүмкүн эместигин айтып, бул норманы өзгөртүү керектигин кошумчалады.
Депутат Жеңишбек Токторбаев сунуштаган долбоор:
- Жаңы шайланган президент кызматына киришкенден кийин, экс-президент бир айдын ичинде мамлекеттик резиденциядагы кыймылсыз мүлк объектилерин пайдаланууну токтотуп, чыгып кетсин;
- Мурдагы президент мамлекеттик кайтаруудан (жан сакчыларды) пайдаланууга укуктуу. Бирок аларды өз эсебинен каржыласын;
- Экс-президент мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратылсын;
- Президент катары ыйгарым укуктарын токтоткон күнү өзүнө, жубайына жана жашы жете элек балдарына акысыз берилген медициналык тейлөө алып салынсын;
- Мамлекеттик резиденцияда жашаган президенттен башка бардык жогорку кызмат адамдары коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз жанынан төлөсүн;
Азыркы тапта экс-президенттер пенсия курагына жеткенге чейин иштеп жаткан президенттин айлыгынын 75 пайыз өлчөмүндө ай сайын маяна алууга, пенсияга чыкканда дагы ушундай эле көлөмдө пенсия алууга укуктуу. Бул норма өзгөртүүсүз калтырылган.
Белгилей кетсек, учурда Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына ээ.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан