Баткен облусунда 1-класстын окуучусу ооруканада каза болду. Ал кутурма оорусун жуктуруп алган болушу мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен райондор аралык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Дыканали Жунусалиев билдирди.
Белгилүү болгондой, каза болгон бала Баткен районунун Жаңы-Жер айылында жашаган. Аны облустук ооруканага 28-ноябрдан 29-ноябрга караган түнү саат 3:30 чамасында оор абалда алып келишкен. Аны сактап калууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ал таңкы саат 6:00 чамасында каза болгон.
Кутурма оорусунун клиникалык диагнозу коюлганы менен лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүн болгон эмес. Анткени баланын жакындары өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан.
"Ата-энеси тил кат жазып беришти. Бишкекке лабораторияга жиберели дегенбиз, бирок алар макул болбой коюшту. Ата-энесинин айтымында бала үйдөгү ит менен көп ойночу экен. Бирок баланын денесинен тиштелген жаракаттар жок болуп чыкты", - дейт Жунусалиев.
Дарыгердин айтымында кутурма шилекей аркылуу да жугат жана 1 жыл дегенде да таасири болушу мүмкүн.
Баткен районунун аймагында 2018-жылдан бери кутурма илдети биринчи жолу катталганы кабарланды.