Талибдер Ооганстанда биринчи өлүм жазасын ишке ашырды

Талибан кыймылы түзгөн Ооганстан өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Мужахид талиптер бийликке келгенден бери биринчи өлүм өкүмү Ооганстандын Фарах провинциясында аткарылганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Соттолуучу Герат провинциясынын тургуну. Ал коңшулаш Фарах провинциясынын тургунун өлтүрүп, андан соң мотоцикл менен уюлдук телефонун тартып алган", - деп айтылат маалыматта.

Ал аткарылган өкүм талиптердин жогорку лидери менен макулдашылганын баса белгилеген. Өлүм жазасын аткаруу учурун вице-премьер, ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Жогорку Соттун башчысы жана бир нече чиновник карап турган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан