Шавкат Мирзийоев ЕАЭБ мамлекет башчыларынын Бишкектеги саммитине катышпайт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев ЕАЭБ мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келбейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, анын ордуна аталган өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов келет.

Ал эми Өзбекстандын президентинин мамлекеттик сапары өзүнчө болору айтылды.

Эске салсак, буга чейин Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга 9-декабрда келери айтылган болчу.

Эртең, 9-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан