Коюу туманга байланыштуу аба каттамдардын убактысы жылдырылды (Тизме)

Бүгүн, 9-декабрда 09:26дан баштап коюу туманга байланыштуу “Ош” эл аралык аэропорту каттамдардын графигин өзгөрттү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэрпортунан билдиришти.

Маалымдалгандай, учурда көрүү мүмкүнчүлүгү 50 метрди түзөт. Мындан улам бардык ички каттамдар аба ырайы жакшырганга чейин жылдырылды.

Убактысы өзгөргөн каттамдар:

132-каттам Ош-Бишкек – 13:20га.

106-каттам Ош-Бишкек – 13.30га.

178-каттам Ош-Бишкек – 13.40ка.

128-каттам Ош-Бишкек – 15:00гө.

220-каттам Ош-Бишкек – 13.50гө.

Ошондой эле туман үчүн Сургуттан учуп келе жаткан UTAIR авиакомпаниясынын учагы Намангандагы аэродромго конууга аргасыз болду.

Төмөнкү эл аралык каттамдар да кийинки убакытка жылдырылды:

3260-каттам Ош-Москва 13.55ке.

965-каттам Ош-Москва саат 13:00гө.

2910-каттам Ош-Москва саат 13:15ке.

“Буга ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунан Ош шаарына аткарылуучу ички каттамдардын графиги да жылдырылууда.

Аба каттамдары тууралуу маалыматты билүү үчүн төмөнкү телефон номерлерине чалууну суранабыз:

0 312 693109 (“Манас”)

0 3222 90101 (“Ош”).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан