Аска-зоодогу ажайып жер. Түркиядагы Сумела монастырь саякат

Түркиянын Кара деңиз аймагындагы, Трабзон шаары туристтер агылып келген эң ири жана тарыхый калаа болуп саналат. Трабзондун Мачка району, Алтындере айылында аска зоонун бооруна салынган чиркөө бар. Сумела монастыры аты менен белгилүү бул тарыхый жай эл арасында “Мариям эне чиркөөсү” деп да айтылып жүрөт.

Сумела монастыры Алтындере айылынан болжол менен 300 метр бийиктикте жайгашкан. Бийик зоо болгонуна карабай бул жерден жыл бою туристтер арылбайт. Сумела монастыры Мариям эненин урматына курулган. Сумеле "Кара тоо" дегенди түшүндүрөт. Бул аймакты мурун “Орос Мелас” деп аташкан. Ал эми түрк тарыхый булактарында монастрдын чыныгы аты "Панагиа Соу Мелас" деп белгиленип келет.

Эгер сиз Стамбулдан Сумела монастырына бара турган болсоңуз Стамбул-Трабзон багыты боюнча жүрө турган “жеке трансфер” кызматын колдоно аласыз.

Тактап айтканда, айдоочусу менен ижарага бериле турган авто унаалар бар. Канча күн же саат жүрөсүз чөнтөгүңүзгө карап минип кете бересиз.

Уламыштарга караганда, Сумела монастырын Византия императору Феодосий I (375-395) доорунда, Афинадан келган Барнабас жана Софраниос атуу эки монах салган. Ал эми VI-кылымда Юстиниандын буюругу менен чиркөө кеңейтилип, оңдолгон.

Сумела монастыры XIII кылымдан бери күнү бүгүнкүдөй сакталып келе жатат. 1204-жылы түзүлгөн Трабзон Комненос княздыгы жана Алексиос III доорунда монастырга өзгөчө маани берилип, бир катар жарлыктар чыгарылган. Натыйжада бул чиркөөнүн кирешеси көбөйгөн. Алексиос IIIтүн уулу Мануел III жана башка княздардын башкаруу учурунда да жаңы мыйзамдар кабыл алынып, монастырдын казынасы толгон, байыган.

Кара деңиздин чыгыш бөлүгүн Осмон түрктөрүнүн колуна өткөндөн кийин да Сумеланы коргоого бир топ мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. XVIII-кылымда чиркөөнүн көпчүлүк бөлүгү реконструкцияланып, дубалдарынын бир бөлүгү фрескалар менен кооздолгон. ХIХ – кылымда болсо имарат дагы да чоңоютулган. Монастыр бийиктеп, территориясы да бир аз кеңейген.

1916-1918 – жылдары Орусия Трабзонду басып алгандан кийин монастыр тонолуп кеткен. 1923 – жылдан соң ал жердеги нерселер толугу менен эвакуацияланган.

1923 – жылы Түркия республика болуп түзүлгөндөн кийин монастырдын ишмердүүлүгү толугу менен токтогон. Ушул эле жылы “Лозанна келишимине” ылайык аймактагы гректер Грецияга жөнөтүлгөн. Дин кызматкерлери жана монахтар да Грецияга көчүп, кымбат баалуу буюмдарды чиркөөдөн чыгарып кеткен. Алардан калган буюм-тайымдар таланып, тонолуп жок болгон. Кийинчерээк көтөрө албаган кымбат буюмдарын монахтар көмүп кеткен деген маалыматтар табылган. Мындан улам 1923 – жылдан бери Сумела монастырында археологиялык изилдөө, казуу иштери жүргүзүлүп келе жатат.

Бүгүнкү күндө Сумела монастыры дин туризми багытында белгилүү дестинацияга айланган. Акыркы алты жылдан бери оңдоо иштери жүргүзүлүп, быйыл жай айларында туристтер үчүн кайрадан ачылды. Христиандар үчүн ыйык эсептелген бул байыркы чиркөөгө август айына чейин эле 300 миңдей турист келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан