Катардын Alkass телеканалынын фотожурналисти Халед Аль-Мислам Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда каза болду. Бул тууралуу телеканалдын басма сөз кызматы Twitter баракчасына жазды.
"Alkass телеканалы чыгармачыл бөлүмдүн фотографы Халид Аль-Мисламдын каза болгондугуна байланыштуу аза күтөт", - деп айтылат социалдык тармактагы билдирүүдө.
Фотографтын өлүмүнүн себеби айтылган жок.
Буга чейин Катарда Аргентина менен Нидерланды курама командаларынын чейрек финалдык беттешинде америкалык журналис Грант Уол каза болгон. Ал өзүн жаман сезип, эсин жоготуп койгон. Дарыгерлер 48 жаштагы журналистти сактап кала алышкан эмес.