Америкалык журналист, CBS телеканалынын кызматкери Грант Уол бүгүн, 10-декабрда Катарда өткөн Нидерланды-Аргентина беттешинде каза болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал жарым финалдык беттешти алып барып жатып өзүн жаман сезип жатканын айтып, андан кийин эсин жоготкон. Кийинчерээк дарыгерлер 48 жаштагы журналисттин жүрөгү токтоп калганын билдиришкен.
Журналисттин бир тууганы маркумдун ден соолугунда эч кандай көйгөй болбогонун айтып, ага Катарда коркутуулар болгонун белгилеген.
Буга чейин күзөтчүлөр Грантты тайпалык баскычтагы АКШ-Уэльс беттешине ар кандай түстөгү кийим кийип келгени үчүн киргизбей коюшкан.
"Лусаил" стадионунда өткөн беттеште Аргентина Нидерландыны пенальтилер сериясында жеңип, жарым финалга чыкты.