Кара-Суу райондук сотунун имараты курула баштады

Бүгүн, 12-декабрда Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун административдик имаратынын пайдубалына капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Имаратка капсула салуу аземинин катышуучулары бул облус үчүн гана эмес, бүтүндөй сот системасы үчүн маанилүү окуя экенин баса белгилешти.

Ошол эле учурда Ош облусунун аймагындагы бөлмөлөрдүн, сот залдарынын жетишсиздигин жоюу максатында созулуп жаткан курулуш иштерин тез арада чечип, жарандарга жана сот кызматкерлерине шарт түзүү тапшырмасы берилгени айтылды.

Соттун жаңы имаратында мыйзамдуу, негиздүү чечимдер чыгып, ак жолтой болуп, адилеттүүлүктүн үйү болушун каалашты.

Кара-Суу райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн жооптуу иштерин татыктуу жана жогорку квалификациялуу деңгээлде мындан ары да зор умтулуу менен аткарат деген ишенимин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан