Аргентинанын Ole басылмасы Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалындагы Аргентина-Нидерланды беттешиндеги чуулуу окуяларды терең изилдеп чыкты.
Маалыматка ылайык, аргентиналык футболчулардын оюн учурунда өзүн эмоционалдуу алып жүрүшү Нидерланды курама командасынын башкы машыктыруучусу Луи ван Галдын беттеш алдында айткан сөздөрү себеп болгон.
"Месси беттештен кийин ван Галды издеп баштады. Ал машыктыруучуга азыраак сүйлөө керектигин айтмак. Бул учурда Нидерландынын чабуулчусу Вегорст Мессини трибунанын астында күтүп жаткан. Ал Мессиден футболкасын сураганда Месси жини менен аны кемсинтип салды. Жыйынтыгында экөөнүн ортосунда дагы жаңжал чыкты.
Месси интервью берген жерге келген маалда дагы аябай ачуусу келип турганы байкалды. Биздин журналистибиздин суроолоруна ал жооп берген жок. Ал суроолорду уккан дагы жок", - деп жазат басылма.
10-декабрда Аргентина менен Нидерланды курама командалары чейрек финалда кез келген. Оюн учурунда эки команданын ортосунда жаңжал чыгып, жыйынтыгында калыс сары айып кагазын көрсөткөн.