"Катар-2022": Аргентина менен Нидерландынын футболчулары талаада жаңжалдашты

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык беттешиндеги Нидерланды-Аргентина беттешинде футболчулар талаадан жаңжалдаша кетишти.

Оюндун негизги убактысы аяктаган маалда аргентиналык футболчулар эмоционалдуу түрдө ойношту. Тагыраагы жарым коргоочу Леандро Парадес Нидерланды курамасынын коргоочусу Натане Акеге каршы орой түрдө оюн эрежесин бузуп, андан кийин топту алмашууда отурган футболчуларды көздөй тээп жиберди.

Жыйынтыгында алмашуудагы оюнчулар талаага чуркап чыгып, массалык жаңжал орун алды.

Калыс 15 сары айып кагазын көрсөттү. Анын ичинен 7өө нидерландылык футболчуларга, калган 8өө аргентиналык футболчуларга көрсөтүлдү.

Аргентина Нидерландыны пенальтилер сериясында жеңип, Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан