Психолог кыздар кандай адамга турмушка чыкса бактылуу болорун айтты (маек)

Үй-бүлө - сүйүү жана урмат көрсөтүү менен түзүлгөн кичинекей мамлекет болуп саналат. Коомдо үй-бүлөдөгү чыр-чатак, пикир-келишпестик, ата-энеге, жубайына болгон мамиле актуалдуу маселелердин бири. Үй-бүлөнү кантип сактоо керек, өмүрлүк жарды тандоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл, ата-эне менен баланын ортосундагы байланыш жана башка суроолорго психолог-практик Бирлик Макенов жооп берет.

- Өмүрлүк жолдошту кантип тандоо керек?

- Өмүрлүк жолдошту тандоодо көңүл буруучу нерселердин бири - бул эркек биринчи өзүн, экинчи жумушун табышы зарыл, андан соң өмүрлүк жарын тандоосу абзел. Ал эми аял кишилердики башкача. Өзүн, жумушун тапкан эркекти таап, ошол эркек менен турмуш куруусу керек. Турмушка чыгуу алдында эркектин атасын көрүп коюу, сураштырып коюу зарыл, анткени 80 пайыз учурда бала ата-энесинин сценарийин кайталайт.

Кыздарга мен айылдан шаарга келип, ата-энесинен бөлүнүп, шаарда өзүн тапкан жигитти тандагыла деп сунуш бермекмин. Анткени уядан учуп чыккан эркек күчтүү болот. Турмуштун анча-мынча кыйынчылыктарына туруштук бере алат.

- Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн кандай ыкмаларды колдонуу керек?

- Эң жөнөкөй ыкмалардын бири - бул сиз балаңызга кандай мамиле кылсаңыз, ошондой мамилени күйөөңүзгө, аялыңызга жасаңыз. Маселен, балаңа дүкөндөн шириндик алып бердиңби, жубайыңызга да шоколад алып бериңиз. Балаңызды муздан жыгылып кетпесин деп жетелеп аласыз. Жубайыңыз менен да кол кармашып, жетелешип басыңыз. Бул нерселер кыз-жигит болуп жүргөндө уят эмес, турмуш кургандан кийин уят болуп калат. Тескерисинче, турмуш кургандан кийин эң керектүү нерсе болуп эсептелинет.

- Азыркы учурда ата-эне менен баланын ортосунда таарынышкан учурлар көп кездешет. Ата-энеге кандай мамиле кылсак мындай кырдаалдан чыгышат?

- Эң негизгиси ата-эне билген нерсени мен да билем же жакшы билем деп ата-энеге дагы ата же эне болуп албоо керек. Иерархия боюнча ата-эне ар дайым сизден жогору турат. Ата-энени өзгөртпөстөн кабыл алуу керек. Эч бир ата-эне баласына жамандык каалабайт.

Ата-энеге кандай мамиле кылбоо керек: күнөөлөбөө, башка адамдар менен ата-энени талкуу кылбоо, урушпоо, жек көрбөө, өзүңдү алардан жогору койбоо керек.

Кандай мамиле кылуу зарыл: кучактоо, күнүгө СМС жазуу: Мен сизди жакшы көрөм жана башка. Мээримин кабыл алуу, башкача айтканда, айылдан белек жөнөтсө кабыл алуу (картошка, салат, ж.б.). Чогуу сейилдөө, эң негизгиси ар дайым кеңеш суроо зарыл. Анткени качан бала ата-энесинен кеңеш сураганда аларда "мен дагы деле ата-эне турбаймынбы, мени сыйлайт турбайбы" деген сезим болот.

- Азыркы убакта ажырашуунун себептеринин көпчүлүгү эмнеде деп ойлойсуз?

- Адам ар дайым өзүн биринчи орунга коюусу зарыл. Качан өзүн сүйө баштаганда, андан соң башка адамдар аны сүйүп, сыйлай баштайт. Биринчи орунда адам өзү, андан соң күйөөсү же аялы, андан соң гана балдары болушу керек. Анткени көпчүлүк учурда өзгөчө аялдар балалуу болгондон кийин балдарын биринчи орунга коюп алышат да күйөөсүн унутуп коюшат. Эркектер биринчи орунга жумушун коюп алат да, балдарын, аялын, өзүн унутуп коёт. Ушул нерседен улам үй-бүлө мамилесинде түшүнбөстүктөр, кыйынчылыктар, ажырашуулар болуп келет.

Балдарды ар дайым өзүңүздөр менен алып жүрүңүздөр. Балага акча, оюнчуктун, заманбап кийимдин кереги жок. Балага сүйүү, көңүл бөлүү жана тарбия керек. Азыркы убакта бул көйгөйлүү маселелердин бири. Баланы туугандарга, чоң-ата, чоң-энесине калтыруу - бул бала үчүн эң чоң травмалардын бири. Бала мени таштап кетти, демек, менин ата-энеме керегим жок деп ойлойт. Мен чоңойгон соң ата-энеме ким экенимди көргөзөм, тастыктайм деп өч алуу максатында ар түрдүү кесиптерди тандайт. Кандай гана ийгиликке жетпесин анын артында ырахат ала албайт деген сөз. Кошумча айта турган нерсе: балаңызды күнүнө 2 жолу кучактап туруңуз. Бул балаңызга эң керектүү нерсе.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
XATSAN125
2022-12-14 18:04:00
Азыр ушул заманда дабдыр болсо да акчасы болсо болду деген заманды унутуп калыптыр психолог
+1
Beka1986
2022-12-15 13:40:00
Психолог туура эмес айтыптыр.Кыздардын психологиясын бузуптур.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан