Баш калаада жыл башынан бери экстремизмге шектелип 28 адам кармалды

Бишкекте 11 ай ичинде Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан 28 шектүү жаран кармалды. Маалыматты Бишкек ШИИББинен таратышты.

Анда айтылгандай, шектүү катары кармалган 28 жарандын алтоо аял киши болгон. Ошондой эле төрт экстремисттик уюм аныкталган.

"ЭММКАКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан «Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу», «Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо» жана «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» боюнча 32 факты аныкталган.

Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 330, 331 жана 332-беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Анын алкагында жашаган жерлери боюнча жалпысынан 18 тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда 133 буюм далилдери алынган. Анын ичинде 34 даана китеп, брошюралар, журналдар, 83 даана баракчалар, 12 уюлдук телефондор, 1 компьютердик жабдуу, флеш-карталар жана башка жабдуулар бар", - деп жазылган маалыматта.

Бардык тиешеси бар шектүүлөргө айыптар тагылып, чечим чыгаруу үчүн сотко жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан