Бүгүн, 14-декабрда Бишкектеги "Газпром Балдарга" спорт комплексинде салтка айланган "Мурас" турнири старт алды. Турнирге өлкө башчы Садыр Жапаров дагы катышууда. Анын командасы учурда "Спорттук федерациялар" командасы менен беттешип жатат.
Беттеш учурунда "Президенттин командасынын" жарым коргоочусу Канат Шабданбаев атаандашына карата эки ирет эреже бузду. Ага командалашы Садыр Жапаров абайлап ойноосу керектигин айтты. "Канат, акырыныраак ойно, абайла", - деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров бул оюнга негизги курамда чыкты жана ал 11-номурда ойноп жатат. Учурда эсеп 4:0, "Президенттин командасы" алдыда келе жатат.