Салтка айланган "Мурас" турниринин алгачкы беттешинде "Президенттин командасы" "Спорттук федерациялар" командасын 4:2 эсебинде жеңип алды.
Бул оюнда өлкө башчы Садыр Жапаров 1 жолу гол киргизсе, 1 жолу голдук пас чыгарып берди. Мындан тышкары Жапаров бир нече жолу дарбаза мамысына тепти.