Өлкөдө кышкы туристтик мезгил 17-декабрда ачылат

Өлкөдө кышкы туристтик мезгил 17-декабрда ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Мекемеден маалымдашкандай, кышкы туристтик мезгилдин расмий ачылыш аземи "ЗИЛ тоо лыжа базасында" өтөт.

Иш-чаранын алкагында интерактивдүү элементтерди камтыган лыжа тебүүнү сүйүүчүлөрдүн оюн-зооктору, эс алуучулар арасында түрдүү сынактар, концерттик программа, ошондой эле көптөгөн кызыктуу оюндар жана конкурстар уюштурулат. Мындан сырткары түрдүү байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү.

Самаалыкты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте өткөрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан