Карантинге жабылган мектептер онлайн окутууга өтөт

Карантинге жабылган мектептер онлайн окутууга өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, бул учурда мугалимдердин айлыгы толук төлөнөт.

Эске салсак, курч респиратордук вирустар жана сасык тумоого чалдыккандардын көбөйүшүнө байланыштуу учурда Чүй облусунда алты, Бишкекте сегиз, Талас облусунда 113 мектеп жана 70 бала бакча карантинге жабылган.

Белгиленгендей, адистер күн сайын эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүдө.

"Эгер мектеп же бала бакчада балдардын 20 пайызы ооруп келбей калса, объектти карантинге жабуу чечими кабыл алынат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2022-12-14 18:01:00
Карантинди моода кылып алдыго кайран кекеңдер элдер ооруп бутту бизде дагы деле карона вирус карантин пцр тест буто элек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан