Ташиев Жалал-Абаддагы "Бек-Абад" чек ара өткөрмө пунктуна барды (фото)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы "Бек-Абад" чек ара өткөрмө пунктуна барды. Анын алкагында курулуш иштеринин жүрүшү жана постту ачууга даярдыктар менен таанышты.

Маалым болгондой, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара толук аныкталып бүткөндөн кийин, эки өлкөнүн ортосундагы бир нече өткөрмө постторду ишке киргизүү макулдашылган.

Анын ичинде Жалал-Абад облусунан 6, Оштон 3 чек ара өткөрмө постту ачылуусу күтүлүүдө. "Бек-Абад" чек ара посту жөө адамдарды жана унааларды өткөрүүгө ылайыкталууда.

Кирип чыккандарды каттоо үчүн жалпы алты терезе орнотулуп, күнүнө 7-8 миң кишини тейлөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

"Бек-Абад" чек ара өткөрмө пункту Жалал-Абад облусун Өзбекстандын Андижан облусу менен бириктирет. Ал эми Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жалпысынан 15 чек ара өткөрмө бекеттери бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан