Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин окуучусу Федор Корнияш “Таланттарды даярдоо лабораториясы” математика, физика жана химия боюнча V Эл аралык жаштар олимпиадасында күмүш медалга ээ болду.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, олимпиада 11-декабрдан 13-декабрга чейин Баку шаарында өттү.
Олимпиадага катышкан кыргыз окуучулары:
Атай Озокеев – Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 9-классынын окуучусу;
Санталат Орозбаева – Лейлек районундагы В.И.Ленин атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу;
Федор Корнияш – Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин окуучусу.
Белгилей кетсек, кыргыз окуучулары бул олимпиадага бешинчи жолу катышууда. Кыргызстан курама командасынын бир күмүш жана үч коло медалы бар. Өткөн жылы “Таланттарды даярдоо лабораториясы” олимпиадасында Федор Корнияш коло медаль алган.