Акыркы сутка ичинде курч респиратордук вирустук инфекциянын 9788 учуру, сасык тумоонун 21 учуру катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалымдалгандай, бул буга чейинки күнгө салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсе көп. 13-декабрга карата курч респиратордук вирустук инфекциянын 7774 учуру жана сасык тумоонун бир учуру катталган.
"Курч респиратордук вирустук инфекция туруксуз аба ырайынан улам пайда болушу мүмкүн, бул организмдин коргонуу күчүн төмөндөтүп, оорунун өсүшүнө шарт түзөт. Ошол эле учурда курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооруган чоң адамдар жатып дарыланбай, санитардык-гигиеналык чараларды сактабаса, балдарына жана үй-бүлө мүчөлөрүнө жуктуруп алуулары ыктымал" , — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, курч респиратордук вирустар жана сасык тумоого чалдыккандардын көбөйүшүнө байланыштуу учурда Чүй облусунда алты, Бишкекте сегиз, Талас облусунда 113 мектеп жана 70 бала бакча карантинге жабылганы айтылган.
Белгиленгендей, адистер күн сайын эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүдө.
"Эгер мектеп же бала бакчада балдардын 20 пайызы ооруп келбей калса, объектти карантинге жабуу чечими кабыл алынат", - деп айтылат билдирүүдө.