Бүгүн, 14-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футзал боюнча “Мурас” достук турнири башталды. Оюндардагы тыныгуудан пайдаланып, "Кабар" агенттиги мамлекет башчысы менен маектешүүгө үлгүргөн.
Маектин башында өлкө башчысы "Мурас" турнири кандайча уюштурулуп калганы, тарыхы жана мааниси тууралуу айтып берген.
"Былтыр биз кыргыз футболунун 100 жылдыгын белгилегенбиз. Ошого карата футзал боюнча турнир өткөрөлү деген ой менен турнир уюштуруп өткөрдүк эле.
Ошол күнү спортчулар, футболчулар “ушул турнирди үзбөй, мындан ары салтка айлантып, улап кетпейлиби” деген сунуш берип, суранып калышты. Кыргыз спортунун күйөрмандарынын сунушуна макул болуп, жыл соңунда бир жолу өткөрүп туралы десем, жылына эки ирет өткөрүүнү суранышкандар болушту. Ошентип ага да макул деп, жайында, анан кышында кылып, жылына эки жолу өткөрүп туралы деп чечкенбиз. Спорттун эч кимге: карысынабы же жашынабы, пайдасынан башка зыяны жок да. Мына ошентип кыргыз футболун улай ушул “Мурас” деп аталган турнир жаралып калды. Эмне үчүн атын Мурас деп койдум?
Быйыл жазда келечек муунга жашыл бак-дарактарыбызды мурас кылып калтырыш үчүн “Жашыл мурас” деп атап, жылда жаз-күздө 6 миллиондон кем эмес жаңы көчөттөрдү отургузуп туралы деп иш баштагам, аны жакшы билесиздер. Мына ушул иш-чарага окшош, максатташ болсун деп бул турнирдин атын дагы Мурас деп койдук. Келечек муун кыргыз футболун мурас кылып улап кетсин деп жакшыга жоруп, тилек кылдык.
Ал эми максатын айта турган болсом, азыр өзүңүздөр көрүп-билип тургандай, жаштарыбыз спортко маани бербей, интернетке өтүп кетишти. Эртеден кечке компьютер ойношот. Кыймыл жоктугунан улам көпчүлүк жаштардын ден соолуктары начарлап кетти. Аз кандуулук оорусу менен ооругандар көбөйдү. Ошондуктан жаш-кары дебей, элдин баарын спортко үндөө үчүн пропаганда кылып, кеңири жайылталы деген максатыбыз болду.
“Дени сак улут - дени сак өлкө” деп келебиз. 70-80ге чыккан ата-энелерибиз эртели-кеч парк аралап басып, анча-мынча көнүгүүлөрдү жасап дене-боюн жазып жүрүшсө кана? Кана эми, жаштарыбыз спорт залдарга батпай кезек күтүп турушканы?" - деген президент.
Эске сала кетсек, бүгүн борбор калаада "Мурас" турнири башталган. Оюн эртең жыйынтыкталат.
Иш-чарада мамлекеттик органдардын, парламенттин, сот, укук коргоо органдарынын, элчиликтердин, массалык маалымат каражаттарынын, бизнестин, маданияттын, спорттун, дин кызматкерлеринин жана башка тармактардын өкүлдөрү кирген 16 команда ат салышууда.
Бүгүн тайпалык оюндар өткөн болсо, эртең, 15-декабрда чейрек финал, жарым финал жана финалдык беттештер орун алат.