Чехиянын опера ырчысы Кыргызстандын гимнин чех тилинде аткарды

Чехияда жашаган кыргызстандык Александр Иванов Кыргызстандын гимнин кыргыз тилине которуп, видео даярдаган. Бул тууралуу Александр Иванов Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, чех тилинде которулган Кыргызстандын гимнин Чехиянын опера ырчысы Петра Енчкова аткарган. Гимн 2020-жылы которулган.

Ал Кыргызстандын гимнинин кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата атайын видео даярдаган.

"Сиздердин көбүңөр билгендей, 2020-жылы Кыргызстандын гимнин чех тилине которгом. Майрам алдында, операсы ырчысы Петра Енчкованын Кыргызстандын гимнин чех тилинде аткаруусундагы видеосун сунуштайм", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган.

Чехиянын опера ырчысы Кыргызстандын гимнин чех тилинде аткарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
orun
2022-12-15 10:57:00
" Чехияда жашаган кыргызстандык Александр Иванов Кыргызстандын гимнин кыргыз тилине которуп, видео даярдаган. Бул тууралуу Александр Иванов өзүнүн Фейзбуетагы баракчасында билдирди." "Суперчилер" бул не деген катачылык? Кыргызстандын гимнин кыргызчага которуптурбу ыя? Келесоолор! Супер эмес эле пуперсиңерго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан